# 1-берене

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 "Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029127/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029127/edition/34287/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029127/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029127/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 131-статьянын 3-пунктунун 5-пунктчасында "текшерүү комиссиясын (текшерүүчүсүн)" деген сөздөр "ички аудит кызматын (ички аудиторун)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 1311-статьяда:

а) аталышында "облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды" деген сөздөр "облигацияларды, камсыздалган облигацияларды жана эл аралык облигацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) "облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды" деген сөздөр "облигацияларды, камсыздалган облигацияларды жана эл аралык облигацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 147-статьянын 2-пунктунда "облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды" деген сөздөр "облигацияларды, камсыздалган облигацияларды жана эл аралык облигацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 148-статьянын 31-пунктунда:

а) биринчи абзацта "текшерүү комиссиясы (текшерүүчү)" деген сөздөр "ички аудит кызматы (ички аудитор)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) экинчи абзацта "Текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүнүн)" деген сөздөр "Ички аудит кызматынын (ички аудитордун)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029127/st-2)
