# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым маселелери жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым маселелери жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 398
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42975/edition/34280/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым маселелери жөнүндө» токтому (04.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029125

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 4-июлу № 398

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын айрым маселелери жөнүндө

Айрым мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүн укуктук жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасы ага Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Тамга” аскердик-көмөкчү чарбасы” мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Тамга” аскердик-көмөкчү чарбасы” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартипте:

– кайра уюштурулуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасынын өткөрүп берүү актысын бекитсин;

– Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишканасын мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

– ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын

26-январындагы № 48 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик-көмөкчү чарба” мамлекеттик ишкананын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 “Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө” токтомунун 4-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 30-ноябрындагы № 629 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Тамга” аскердик-көмөкчү чарбасы” мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө” токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-июлундагы № 50 (3706) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары

Д.Дж. Амангельдиев
