Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бишкек шаарынын аймагында турак жай жана коммерциялык объекттерди курууну, реконструкциялоону жана көрктөндүрүүнү инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн жер участокторун берүү маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-июлу № 399
Бишкек шаарынын аймагында турак жай жана коммерциялык объекттерди курууну, реконструкциялоону жана көрктөндүрүүнү инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн жер участокторун берүү маселелери жөнүндө
2025-жылдын 28-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Инвест Кей Джи Холдинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Бишкек шаарынын аймагында турак жай жана коммерциялык объекттерди курууну, реконструкциялоону жана көрктөндүрүүнү инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну (мындан ары – Инвестициялык макулдашуу) ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5, 7, 8, 29-статьяларына, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясына “Инвест Кей Джи Холдинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна (мындан ары – Коом) тоорук өткөрбөстөн 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга төмөнкү жер участокторун берүү сунушталсын:
1) Инвестициялык макулдашууда аныкталган функционалдык багытына ылайык объекттерди курууну инвестициялоо жана уюштуруу үчүн Бишкек шаары, Ростов көчөсү, 19 Б дарегинде жайгашкан, аянты 1,7 га;
2) Инвестициялык макулдашууда аныкталган функционалдык багытына ылайык объекттерди курууну уюштуруу жана инвестициялоо үчүн Бишкек шаары, Ала-Арча көчөсү, 74 а дарегинде жайгашкан, аянты 2,93 га;
3) Инвестициялык макулдашууда аныкталган функционалдык багытына ылайык мурдагы Батыш автовокзалынын имаратын андан ары ижарага берүү, жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү жана объекттерди куруу укугу менен ретроавтомобилдер музейи катары реконструкциялоону уюштуруу жана инвестициялоо үчүн Бишкек шаары, Чимкент көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан, аянты 2,2 га;
4) Инвестициялык макулдашууда аныкталган функционалдык багытына ылайык көлмөлөрдү реабилитациялоо, объекттерди куруу менен “Жаштар” жана “Октябрдын 40 жылдыгы” сейил бактарын реконструкциялоону жана көрктөндүрүүнү уюштуруу, инвестициялоо үчүн “Жаштар” жана “Октябрдын 40 жылдыгы” сейил бактарынын аймактарына жанаша жайгашкан жалпы аянты 27,0 га.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу Коомго төмөнкүдөй шарттарда берилет деп аныкталсын:
1) андан ары Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилген аймактарда “Тазалык” муниципалдык ишканасы үчүн эки жаңы базаны долбоорлоону жана курууну уюштуруу, инвестициялоо;
2) андан ары Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган аймакта “Тазалык” муниципалдык ишканасынын административдик-башкаруу персоналы үчүн административдик имаратты долбоорлоону жана курууну/реконструкциялоону уюштуруу, инвестициялоо;
3) Инвестициялык макулдашууда аныкталган функционалдык багытына ылайык жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана объекттерди куруу менен мурдагы Батыш автовокзалынын имаратын ретроавтомобилдер музейи катары реконструкциялоону уюштуруу, инвестициялоо жана Инвестициялык макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бул объекттерди ижарага берүүнүн артыкчылыктуу укугун Коомго берүү менен бардык курулган объекттерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү;
4) көлмөлөрдү реабилитациялоо жана инфраструктура объекттерин андан ары Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү менен “Жаштар” жана “Октябрдын 40 жылдыгы” сейил бактарын реконструкциялоону жана көрктөндүрүүнү уюштуруу, инвестициялоо;
5) андан ары Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү менен мурдагы Батыш автовокзалынын имаратынын маңдайындагы Жибек-Жолу проспекти боюнча жол инфраструктурасын (жер астындагы өтмөк) реконструкциялоону уюштуруу, инвестициялоо;
6) Инвестициялык макулдашуу 10 (он) жылдык мөөнөткө колдонулган мезгилде бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу үчүн ижара төлөмдөрүн толук алдын-ала төлөө мүмкүнчүлүгү менен белгиленген тартипте төлөө;
7) ушул токтомдун ушул пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн объекттерди курууга жана реконструкциялоого, ушул пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн сейил бактарын көрктөндүрүүгө жана 1-пунктунун 1, 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн зарыл болгон жер участокторун сатып алууга байланыштуу Коомдун тарткан чыгымдарын эсептен чыгаруу менен 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жер участогунда курулган объекттер эксплуатациялоого берилгенден кийин курулган турак жай аянттарынын 10 %ын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине же курулган турак жай аянттарынын 10 %ына эквиваленттүү өлчөмдөгү акча каражаттарын Коом тарабынан Бишкек шаарынын бюджетине өткөрүп берүү;
8) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилген объекттерди кошпогондо, Инвестициялык макулдашуунун алкагында курулган бардык объекттер Коомдун менчиги болуп саналат.
3. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- Коом менен ушул токтомдун 2-пунктунда жана Инвестициялык макулдашууда аныкталган жер участокторун жана имараттарды акы төлөө менен берүү келишимин түзүү;
- Коомго жер участокторуна зарыл документтерди берүү;
- инвестициялык долбоорду ишке ашырууда Коомго белгиленген тартипте ар тараптуу көмөк көрсөтүү;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-июлундагы № 50 (3706) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
биринчи орун басары
Д.Дж. Амангельдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон