# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 385
- Кабыл алынган күнү: 01.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029108/edition/34256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 385 "Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө" токтому (05.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029108

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 1-июлу № 385

Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Айрым товардык топтордун өндүрүшүн жана импортун контролдоону камсыз кылуу жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 2026-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган, анын ичинде минералдык жана газдалган суу эсептик-контролдук маркалар менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш;

2) 2026-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу таңгакталган, анын ичинде минералдык жана газдалган суунун эсептик-контролдук марка менен маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
