9-берене. Ата-энелер менен өнөктөштүк, комиссиянын иши жана катышуучулардын жоопкерчилиги
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Ата-энелер менен өнөктөштүк жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат.
2. Жалпы билим берүү уюму мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясатын жана аны жөнгө салуу эрежелерин иштеп чыгууда мындай процесске ата-энелерди тартуу жана ошол эрежелерди колдоо милдеттенмелери аркылуу алар менен өз ара аракеттенет.
3. Жалпы билим берүү уюмунда кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактыларын кароо үчүн жетекчиликтен, мугалимдерден жана ата-энелерден турган курамында 5 адам болгон туруктуу комиссия түзүлөт. Комиссия кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактылары жөнүндө арызды кароодо сергектикти, жоопкерчиликти, ар бир арызга карата жекече мамилени көрсөтүүгө, кибербуллингдин (ал аныкталган учурда) жабырлануучусуна жардам көрсөтүүгө, андан аркы жаңжалдарды болтурбоого, окуучуларды коомдогу жана Интернет тармагындагы туура жүрүм-турумга үйрөтүүгө тийиш. Комиссиянын иш тартиби жалпы билим берүү уюму тарабынан кабыл алынуучу акт менен аныкталат.
4. Комиссия өз ишинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) арызда баяндалган фактылар боюнча маалымат чогултууга;
2) жабырлануучунун купуялыгын жана жашыруундуулугун сактоого жана ага колдоо чараларын көрсөтүүгө;
3) жаңжалдын бардык деталдарын, анын ичинде датасын, убактысын, окуялардын сүрөттөлүшүн документтештирүүгө;
4) арызды маңызы боюнча кароо үчүн зарыл болгон маалыматты жаппы билим берүү уюмунан суратууга;
5) окуучуларга кибербуллингдин жана жол берилгис контентти таратуунун зыянын түшүнүүгө жардам берүүчү билим берүү иш-чараларын жана тренингдерди уюштурууга, алардын Интернет тармагындагы коопсуз жана сый-урматтуу жүрүм-турумга үйрөтүүгө;
6) ар бир адам Интернет тармагындагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти сезе турган чөйрөнү түзүү менен ата-энелерди, мугалимдерди жана окуучуларды кибербулпингге каршы күрөшүүгө тартууга.
Жабырлануучуну колдоо жана андан аркы жаңжалдарды болтурбоо кибербуллингге жана жол берилгис контентти таратууга каршы аракеттенүүдө негизги максаттар болуп саналат. Комиссия арызды кароонун жыйынтыктары боюнча кибербуллингдин жана жол берилгис контентти таратуунун аныкталган фактыларына карата жалпы билим берүү уюмуна, ошондой эле комиссиянын ишинин жүрүшүндө ролу жана катышуусу тастыкталган жактарга сунуштамаларды чыгарат. Жаппы билим берүү уюмунун жетекчилиги кибербуллинг жана жол берилгис контентти таратуу фактылары боюнча комиссия тарабынан чыгарылган сунуштамаларды кароого, ролу жана катышуусу тастыкталган адамдарга карата алдын алуу чараларын көрүүгө, ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) жазуу жүзүндө маалымдоого, ошондой эле кибербуллингден жабыркаган окуучуларга психологиялык колдоону камсыз кылууга милдеттүү. Алдын алуу чаралары тартиптик мүнөздө болбоого тийиш. Кибербуллингден жабыркаган окуучунун ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) тарабынан камсыз кылынат.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029099/st-9" title="9-берене - Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>