# 8-берене. Кибербуллингге жана жол берилгис контентке каршы аракеттенүү

- Документ: [Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029099)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 123 "Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5568/edition/34245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029099/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө, 8-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-8

---

1. Жалпы билим берүү уюму жана билим берүү процессинин башка катышуучулары билим берүү чөйрөсүндө кирбербуллингди жана жол берилгис контентти болтурбоо үчүн коопсуз онлайн чөйрөнү түзөт жана чараларды көрөт.

2. Окуучулар арасында кибербуллинг же болбосо жол берилгис контентти таратуу фактылары табылган учурда окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер платформасында укукка каршы аракеттер жүрүп жаткан интернет-ресурстун аталышын көрсөтүү менен алар жөнүндө арыз менен жалпы билим берүү уюмунун жетекчилигине кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-9)
