# 6-берене. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты

- Документ: [Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029099)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 123 "Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5568/edition/34245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029099/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө, 6-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-6

---

1. Жалпы билим берүү уюмунда мобилдуү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятына мугалимдер жана окуучулар, ошондой эле билим берүү процессинин башка катышуучулары мобилдүү түзүлүштөрдү жоопкерчиликтүү, натыйжалуу жана орундуу пайдалануусуна өбөлгө түзүүчү талаптар, баалуулуктар жана практикалар кирет.

Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты окутуу үчүн мобилдүү түзүлүштөр бере турган артыкчылыктар менен билим берүү процессинин коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуунун ортосундагы баланска өбөлгө түзүүгө тийиш.

2. Жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятынын негизги аспекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) билим берүү жана кабардар болуу. Окуу максатында окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге мобилдүү түзүлүштөрдү коопсуз, натыйжалуу жана этикалуу пайдаланууну үйрөтүүчү билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана маалымат өнөктүгүн өткөрүү;

2) ата-энелерди колдоо. Ата-энелерди билим берүү процессине тартуу, мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты жөнүндө маалымат берүү жана балдардын Интернет тармагында өткөргөн убактысын контролдоодогу алардын күч-аракеттерин колдоо;

3) жоопкерчилик жана ченемдүүлүк. Мобилдүү түзүлүштөрдү жоопкерчиликтүү жана ченемдүү пайдаланууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, Интернет тармагына болгон көз карандылыкты жана талаптагыдай эмес жүрүм-турумду болтурбоо;

4) кызматташтык. Билим берүү процессинин бардык катышуучуларын (окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди) мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятын иштеп чыгууга жана колдоого тартуу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-7)
