6-берене. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Жалпы билим берүү уюмунда мобилдуү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятына мугалимдер жана окуучулар, ошондой эле билим берүү процессинин башка катышуучулары мобилдүү түзүлүштөрдү жоопкерчиликтүү, натыйжалуу жана орундуу пайдалануусуна өбөлгө түзүүчү талаптар, баалуулуктар жана практикалар кирет.
Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты окутуу үчүн мобилдүү түзүлүштөр бере турган артыкчылыктар менен билим берүү процессинин коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуунун ортосундагы баланска өбөлгө түзүүгө тийиш.
2. Жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятынын негизги аспекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) билим берүү жана кабардар болуу. Окуу максатында окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге мобилдүү түзүлүштөрдү коопсуз, натыйжалуу жана этикалуу пайдаланууну үйрөтүүчү билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана маалымат өнөктүгүн өткөрүү;
2) ата-энелерди колдоо. Ата-энелерди билим берүү процессине тартуу, мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданияты жөнүндө маалымат берүү жана балдардын Интернет тармагында өткөргөн убактысын контролдоодогу алардын күч-аракеттерин колдоо;
3) жоопкерчилик жана ченемдүүлүк. Мобилдүү түзүлүштөрдү жоопкерчиликтүү жана ченемдүү пайдаланууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү, Интернет тармагына болгон көз карандылыкты жана талаптагыдай эмес жүрүм-турумду болтурбоо;
4) кызматташтык. Билим берүү процессинин бардык катышуучуларын (окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди) мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу маданиятын иштеп чыгууга жана колдоого тартуу.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029099/st-6" title="6-берене - Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>