Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу принциптери
Күчүндө · 23.06.2025 редакциясы
1. Жалпы билим берүү уюмунда мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу төмөнкүдөй негизги принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) коопсуздук жана саламаттыкты коргоо. Окуучулардын коопсуздугу жана саламаттыгын коргоо жалпы билим берүү уюмунун жетекчилиги үчүн артыкчылыктуу милдет болууга тийиш. Принциптин сакталышы билим берүү процесстеринин убагында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу аркылуу да камсыз кылынат;
2) жагымдуу билим берүү чөйрөсү. Мобилдүү түзүлүштөр билим берүү чөйрөсүн начарлатууга жана окуу процессине тоскоолдук кылууга тийиш эмес. Жагымдуу билим берүү чөйрөсү принциби окуучулардын окуусуна жана көңүл коюусуна карата алагды кылуучу таасирди минималдаштыруу үчүн мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууга жол берилген убакытты жана орунду аныктоону болжолдойт;
3) санариптик сабаттуулук жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү. Санариптик сабаттуулук жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрү принциби мобилдүү түзүлүштөрдү билим берүү максаттарында пайдаланууга, окуучулардын санариптик чөйрөдөгү көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүгө жана билим берүү процессин күчөтүүгө багытталган;
4) теңдештик жана инклюзивдүүлүк. Мобилдуү түзүлүштөрдү пайдалануу эрежелерин жөнгө салууда бардык, анын ичинде билим берүүдөгү өзгөчө муктаждыктары жана ден соолугу менен байланышкан чектөөлөрү бар окуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарыл;
5) ата-энелер менен өнөктөштүк. Мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу саясатын иштеп чыгууда жана киргизүүдө өз ара аракеттенүүнүн жана кайтарым байланыштын натыйжалуу системасын түзүү максатында жалпы билим берүү уюмуна ата-энелер менен өнөктөштүктү жана кызматташтыкты түзүү маанилүү.
2. Жалпы билим берүү уюму мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу эрежелеринде кошумча принциптерди ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын камсыз кылуу максатында гана пайдаланууга укуктуу.
Берененин тексти 23.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230029099/st-3" title="3-берене - Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>