# 1-берене. Ушул Мыйзамдын предмети, максаты жана колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029099)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнундагы № 123 "Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5568/edition/34245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029099/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө, 1-берене (23.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-1

---

1. Ушул Мыйзам жалпы билим берүү уюмдарында мобилдүү түзүлүштөрдү пайдалануу ченемдеринин жана эрежелеринин укуктук негизин белгилейт, ушул Мыйзамдын максатын жана колдонуу принциптерин аныктайт.

2. Ушул Мыйзамдын максаты болуп окуучулар үчүн коопсуз жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү, билим берүүгө багытталган бейпил окуу атмосферасын камсыз кылуу, окуучулардын мобилдүү түзүлүштөрдү пайдаланууда жакшы адаттарын жана окуу сабактарынын убагында өз убактысын натыйжалуу башкаруусун өнүктүрүү саналат.

3. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсүнө тийиштүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат. Ушул Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын ортосунда коллизиялар келип чыккан учурда ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029099/st-2)
