Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 367
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 “Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 6-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү (узартуу) үчүн төмөнкү документтер негиз болуп саналат: эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, виза, жашап турууга уруксат, Кыргыз Республикасынын резидент-картасы, “Кайрылман” статусу, “Мекен-карт”.”;
– 7-пункттагы “каттоо,” деген сөздөр алып салынсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
– 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ж – жынысы (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: 1 – аял, 2 – эркек; чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн: 3 – аял, 4 – эркек);”.
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурсун жана өткөрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобоПоложение · 10.10.2023 · № 541
- Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 токтомуна)Порядок · 17.04.2025 · № 207
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 312 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин…Постановление · 30.04.2026 · № 312
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек миграциясын…Постановление · 02.12.2024 · № 721 · Күчүн жоготкон
- Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн уруксат документтерин тариздөө тартиби…Временное положение · 02.12.2024 · № 721 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 27-июнундагы № 367 токтомуна)Временное положение · 27.06.2025 · № 367 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 312 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин…Постановление · 30.04.2026 · № 312
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2023 · № 541
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 268 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 19.09.2024 · № 268
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2025 · № 207