# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июну № 372 "Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июну № 372 "Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 372
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029088>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029088/edition/34230/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029088.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июну № 372 "Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө" токтому (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029088

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-июну № 372 Диний ишти жөнгө салуунун айрым маселелери жөнүндө "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 32-беренелеринин жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында диний билим берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында диний материалдарды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, ташып келүү, ташып чыгуу жана жайылтуу, ошондой эле мамлекеттик дин таануу экспертизасын жүргүзүү тартибинин жана Кыргыз Республикасында диний билим берүү тартибинин ченемдерин кеңири түшүндүрүү боюнча иштерди уюштурууну жана жүргүзүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы диний материалдарды жана диний багыттагы предметтерди мыйзамсыз ташып келүүгө жана (же) ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
