# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 341
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029069>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42960/edition/34216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029069.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029069

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 16-июну № 341 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасында спорттун жогорку жана улуттук түрлөрүн андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, спорттук медицинанын сапатын жогорулатуу жана спорттук психологияны киргизүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Begin\_nocompare

2-тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
