Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы „Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору“ мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июну № 341 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасында спорттун жогорку жана улуттук түрлөрүн андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, спорттук медицинанын сапатын жогорулатуу жана спорттук психологияны киргизүү максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Begin_nocompare
2-тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик…Устав · 16.06.2025 · № 341
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрели № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 17.04.2025 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 674 "Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 17.10.2025 · № 674
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрели № 210 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 17.04.2025 · № 210