# Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/2 Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/2 Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/2
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42948/edition/34203/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/2 Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө токтому (26.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029055

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясы

2024-жылдын 26-марты № 30/2

Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23га жери менен шаардын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 26-мартындагы №01-9/296 катына ылайык, Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы отурумунун №4 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарындагы Айчүрөк кинотеатрынын имаратын 0,23 га жери менен шаардын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине алынган мүлк боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго жана МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Хасанов
