# Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 30/1
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42947/edition/34201/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 26-марты № 30/1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому (26.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029053

---

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясы

2024-жылдын 26-марты № 30/1

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомунун жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомунун негизинде “Ата-Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан Артиков Абдулвахид Нуманжановичтин Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.

2. Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №28/3 токтомунун тиркемесинин 4-пунктундагы “Рахимов Равшанбек Инамжанович” деген сөз “Артиков Абдулвахид Нуманжанович” деген сөзгө алмаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Хасанов
