Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Өзгөн шаардык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз XXX сессиясы
2024-жылдын 26-марты № 30/1
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомун эске алуу жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 28/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомунун жана «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-мартындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2024-жылдын 20-мартындагы №26 токтомунун негизинде “Ата-Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан Артиков Абдулвахид Нуманжановичтин Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.
2. Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы “Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” №28/3 токтомунун тиркемесинин 4-пунктундагы “Рахимов Равшанбек Инамжанович” деген сөз “Артиков Абдулвахид Нуманжанович” деген сөзгө алмаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Хасанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 20-мартындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 20.03.2024 · № 26
- Өзгөн шаардык кеңешинин 2024-жылдын 01-февралындагы №28/3 "Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) туруктуу комиссияларынын сандык жана сапаттык курамына өзгөртүү киргизүү…Постановление · 01.02.2024 · № 28/3