# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 26.06.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230029047/edition/34193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 193 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (17.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029047

---

КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 26-июну ПЖ № 193 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жободо:

- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилүүчү Иш башкармасынын атайын эсеби жөнүндө жобого ылайык Иш башкармасы атайын эсепти өзүнүн чарбалык ишинен түшкөн каражаттардын, ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнүн жана башка келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурат, бул каражаттарды Иш башкармасынын, ведомстволук уюмдардын ишин камсыз кылуу, алардын кызматкерлерин социалдык коргоону жана кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн, ошондой эле башка максаттарда пайдаланат.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 47(3703) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
