Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 193 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 „Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 17 августа 2026 года № 295 "О некоторых вопросах Управления делами Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-08-17.
КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 26-июну ПЖ № 193 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилүүчү Иш башкармасынын атайын эсеби жөнүндө жобого ылайык Иш башкармасы атайын эсепти өзүнүн чарбалык ишинен түшкөн каражаттардын, ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнүн жана башка келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурат, бул каражаттарды Иш башкармасынын, ведомстволук уюмдардын ишин камсыз кылуу, алардын кызматкерлерин социалдык коргоону жана кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн, ошондой эле башка максаттарда пайдаланат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 47(3703) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-августу № 295 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.08.2026 · № 295
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы ПЖ № 155 Жарлыгына)Положение · 18.05.2022 · № 155 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-августу № 295 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.08.2026 · № 295
- КР Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.05.2022 · № 155 · Күчүн жоготкон