# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42939/edition/34184/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029036

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 16-июну № 343 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жөнгө салуучу таасирин талдоону даярдоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасында:

- 4-пунктта:

1, 2-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1) баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоо жөнүндө;

2) ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердикти жөнгө салууга багытталган;";

- 14-пунктта "15" деген цифралар "7" деген цифрага алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 44 (3700) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
