# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 386 «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 386 «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 386
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029035>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42940/edition/34182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029035.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 386 «Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому (02.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029035

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 2-июлу № 386

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында индустриалдык-логистикалык борбор куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 26-февралындагы № 01-12/526 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 3 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы № 15 контурда жайгашкан “ТЛЦ Бай Дыйкан-Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун менчигинде турган, жалпы аянты 7,6 га сугат айдоо жер участогу индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

3) шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системаларын, башкы планда жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;

5) өз каражаттарынын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен аймактын жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;

6) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, көрсөтүлгөн жер участогунда казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн адис-археологду тартууну;

7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же коргоо зонасына кирип калганда “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алууну;

8) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;

9) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруунун наркынын суммасынын төлөнүшүн;

10) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, аз өнүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;

11) “ГЭС-5 БСР” суу сактагычынын сууну коргоо зонасына кирген, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтынан 0,53 га жерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобого ылайык коргоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
