# 96-берене. Стратегиялык мааниге ээ болгон суу чарба объектилерин коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 96-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-96

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчиги болуп саналган жана стратегиялык мааниге ээ болгон Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон, Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарынын, Чумыш плотинасынын, Чоң Чүй каналынын жана башка ирригациялык курулмаларынын коопсуздугун жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында бул суу чарба курулмаларынан суу ресурстарын пайдалануучу мамлекеттер тарабынан чыгымдардын үлүштүк ордун толтуруу шарттарында алар Кыргыз Республикасы тарабынан атайын коргоого алынууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2025-жылдын 30-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-95)
