# 91-берене. Маалымат тутумдарында камтылган маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 91-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-91

---

1. Бирдиктүү маалымат тутумуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик же кызматтык сыр болуп саналган, ошондой эле жеке маалыматтарга таандык болгон маалыматтар киргизилиши мүмкүн эмес.

2. Юридикалык же жеке жак уруксат берүүгө же уруксат алууга өтүнмө берүүгө тиешелүү маалыматтын купуя болуп саналгандыгы жана мындай маалыматтын реестрде болушу ага экономикалык зыян же чыгым алып келүүсү мүмкүн экендиги жөнүндө арыз менен реестр жүргүзүүчү мамлекеттик органга кайрыла алат. Ушундай өтүнүч менен кайрылган учурда арыз ээси ага келтирилиши мүмкүн болгон экономикалык чыгымдын жана зыяндын ыктымалдыгынын далилин берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-92)
