# 9-берене. Министрлер Кабинетинин суу мамилелери жаатындагы компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2026 года № 107 "О внесении изменений в Водный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009#diff=34157..55960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 9-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-9

---

Министрлер Кабинетинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын суу мамилелери жаатындагы ишин координациялоо;

2) суу ресурстарын башкаруунун гидрографиялык принцибинин негизинде башкы бассейндердин аймактык чектерин бекитүү;

3) бассейндик кеңештер жөнүндө жоболорду бекитүү;

4) ушул Кодексти ишке ашыруу максаттары үчүн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;

5) суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү тутумун белгилөө;

6) аларды каржылоо булактарын аныктоо менен мамлекеттик суу чарба программаларын бекитүү;

7) климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен суу ресурстарынын абалына келечектүү баа берүүнү бекитүү;

8) суу ресурстарын башкаруу, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү;

9) суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн, аныктоо жана алуу тартибин бекитүү;

9-1) калктуу конуштардагы дренаждык тутумдардын курулмаларын күтүүнүн, техникалык тейлөөнүн, оңдоонун, реабилитациялоонун, долбоорлоонун жана куруунун тартибин бекитүү;

10) суу фондунун жерлерин бөлүү жана пайдаланууга берүү тартибин белгилөө;

11) плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу;

12) өзгөчө абал зонасында сууну өзгөчө пайдалануу режимин белгилөө;

13) Кыргыз Республикасынын суу мамилелери жаатындагы тышкы байланыштарына жетекчиликти жүзөгө ашыруу;

14) суу мамилелери жаатындагы чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын ишин жөнгө салуу;

15) ушул Кодексте аныкталган башка милдеттерди аткаруу.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июлундагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-10)
