# 88-берене. Мамлекеттик мелиоративдик кадастр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 88-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-88

---

1. Мамлекеттик мелиоративдик кадастр суу объектилери жана башкы суу бассейндери боюнча сугат жерлеринин мелиоративдик абалы жөнүндө маалыматтардын системалаштырылган жыйындысын билдирет жана төмөнкүлөрдүн негизинде белгиленет:

1) байкоо жүргүзүлүүчү иштеп жаткан бардык скважиналар боюнча жер астындагы сууларды минералдаштыруу жөнүндө маалыматтардын;

2) отчеттук жана андан мурунку жылдардагы сугат жерлердин шор басып кетишинин сүрөтүнүн маалыматтарынын;

3) сезондук өзгөрүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн жана андан мурунку жылдардын статистикасын эске алуу менен байкоо жүргүзүлүүчү скважиналардын көрсөткүчтөрү боюнча жер астындагы суулардын деңгээлдеринин өзгөрүүсү жөнүндө маалыматтардын.

2. Мамлекеттик мелиоративдик кадастр суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинети бекитүүчү жобого ылайык жүргүзүлөт.

3. Суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана суу пайдаланган жарандардан мамлекеттик мелиоративдик кадастрды жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана акысыз алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-89)
