# 85-берене. Суу жөнүндө бирдиктүү маалымат тутумунун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 85-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-85

---

Суу жөнүндө бирдиктүү маалымат тутуму төмөнкүлөрдүн маалыматтарын камтыйт:

1) мамлекеттик суу кадастрынын;

2) мамлекеттик мелиоративдик кадастрдын;

3) суу чарба курулмаларынын мамлекеттик реестринин;

4) сууну пайдаланууга уруксаттардын жана сууну пайдаланууга атайын уруксаттардын реестринин;

5) булгоочу заттарды агызууга уруксаттардын реестринин;

6) ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу чөйрөсүндөгү суу берүүчүлөрдүн реестринин;

7) суу жана ирригациялык фонддордун жерлери жөнүндө;

8) негизги суу чарба курулмаларынын, анын ичинде суу сактагычтардагы плотиналардын жана дарыялардагы коргоочу дамбалардын абалы жана туруктуулугу жөнүндө;

9) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-86)
