# 83-берене. Суу объектилерине келтирилген зыян үчүн жарандардын жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 83-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-83

---

1. Суу объекттерине жана суу чарба курулмаларына юридикалык жана жеке жактар тарабынан келтирилген зыяндын, анын ичинде алынбай калган пайданын орду ыктыярдуу түрдө же соттун чечимине ылайык толтурулат.

2. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу суу объектилерине жана суу чарба курулмаларына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча доолор суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мүлктүк кызыкчылыктарына зыян келтирилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

3. Орду толтурулган зыяндын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджеттерине которулат.

4. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарын бузуунун натыйжасында суу объектилерине жана суу чарба курулмаларына келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарттары жана тартиби ушул Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-84)
