# 81-берене. Суу объектилеринен жана суу фондунун жерлеринен шагыл жана башка материалдарды казып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 81-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-81

---

1. Шагыл казып алууга уруксат суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан пайдалануучунун өтүнмөсү боюнча ушул Кодекстин 4-главасында аныкталган тартипте берилген учурларды кошпогондо, дарыялардын нугунан, алардын жээктеринен жана коргоо зоналарынан шагылды жана башка материалдарды казып алууга тыюу салынат.

2. Ушул беренеге ылайык берилген уруксат 5 жылга чейинки мөөнөткө жарактуу.

3. Уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) казып алууга жол берилген шагылдын жана башка материалдардын көлөмү жана тиби;

2) шагылды жана башка материалдарды казып алуу каражаттары;

3) уруксатка тиркелүүчү планга ылайык шагылды жана башка материалдарды казып алууга жол берилген аймак;

4) уруксат ээсине уруксат боюнча маалыматтарды жыйноого, мониторинг жүргүзүүгө жана отчеттуулукка тийиштүү талаптар.

4. Эгер шагыл казып алуу төмөнкүлөргө зыян тийгизиши мүмкүн болсо, уруксат берилбеши керек:

1) суу менен байланышкан коомдук жумуштарга;

2) суу объектилеринин жээктеринин бекемдигине;

3) суу фаунасына;

4) учурдагы суу пайдалануучулардын сууну пайдалануусуна;

5) суу чарба курулмаларынын коопсуздугуна;

6) тарыхый-маданий мурас объектилерине жана алардын коргоо зоналарына.

5. Шагыл жана башка материалдарды казып алууга уруксат бергендиги үчүн уруксат ээлеринен акы алынат. Акынын өлчөмү жана шагыл казып алууга уруксат берүү жол-жобосу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-82)
