# 8-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин суу мамилелери жаатындагы компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 8-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-8

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) сууларды пайдалануу жана коргоо жаатында мамлекеттик саясатты аныктоо;

2) суу мыйзамдарын иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүүлөрдү киргизүү;

3) өзгөчө экологиялык кырдаал зоналары жана экологиялык кырсык зоналары деп жарыяланган суу объектилеринин жана суу чарба курулмаларынын укуктук режимин белгилөө;

4) суу мамилелери чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо;

5) ирригацияга жана дренажга ар жылдык дотацияларды бекитүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-9)
