# 79-берене. Ирригациялык фонддун жерлерин пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 79-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-79

---

1. Ирригациялык фонддун жерлери ирригациялык багыттагы суу чарба курулмаларын, ошондой эле коллектордук-дренаждык тутумдарды жана тиешелүү инфратүзүм объекттерин эксплуатациялоо, техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн колдонулат.

2. Ирригациялык фонддун жерлеринде, мындай жерлерди, суу чарба курулмаларын же алардын бөлүгүн төмөнкүлөр үчүн берүү учурларын кошпогондо, ирригациялык ишти камсыз кылуу менен байланышпаган иштерди жүргүзүүгө, анын ичинде курулмаларды курууга тыюу салынат:

1) көрктөндүрүү;

2) гидроэлектрстанцияларын же энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектилерин куруу жана иштетүү;

3) балык чарба иши.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттар үчүн суу чарба курулмаларын максаттуу пайдаланууну камсыз кылууну, анын ирригациялык режимин жана курулманы эксплуатациялоонун коопсуздугун сактоону караган келишимдин негизинде суу чарба курулмаларын 5 жылга чейин убактылуу пайдаланууга берүү суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.

4. Ирригациялык фонддун жерлери Министрлер Кабинети аныктаган тартипте убактылуу чектелген пайдаланууга берилиши мүмкүн.

5. Суу чарба объектилеринде эксплуатациялоо жана/же оңдоо иштерин жүргүзүү максатында бадал-дарак өсүмдүктөрүн кыюу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан уруксат албастан же аны менен макулдашпастан жүргүзүлөт.

6. Гидротехникалык курулмаларды долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана эксплуатациялоодо тарыхый-маданий мурас объектилеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чаралар каралууга жана өз убагында жүзөгө ашырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-80)
