# 78-берене. Ирригациялык, дренаждык тутумдарга жана суу чарба курулмаларына болгон менчик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 78-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-78

---

1. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык менчикте болушу мүмкүн.

2. Министрлер Кабинети суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдардын жана суу чарба курулмаларынын тизмесин бекитет жана мезгил-мезгили менен кайра карап чыгат.

3. Бирден ашык суу пайдалануучуну тейлеген же тейлөөсү мүмкүн болгон райондор аралык, облустар аралык жана мамлекеттер аралык маанидеги ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары мамлекеттин гана менчигинде болот.

4. Муниципалдык менчикте турган ирригациялык жана/же дренаждык тутумдар жергиликтүү кеңештин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекетке акысыз өткөрүп берилүүсү мүмкүн.

5. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары шаар статусуна ээ болгон калктуу конуштарда муниципалдык менчик объектилеринин статусуна ээ болуусу мүмкүн, атап айтканда:

1) алар жергиликтүү бюджеттердин эсебинен курулган жана эксплуатацияланган учурда;

2) мамлекеттик менчиктен акысыз өткөрүп берилген учурда.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-79)
