# 74-берене. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды техникалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 74-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-74

---

1. Ирригациялык же дренаждык тутумдун ээси жана/же пайдалануучусу аны талаптагыдай күтүүнү жана техникалык тейлөөнү камсыз кылат. Мамлекеттик же муниципалдык ээси же болбосо пайдалануучу бул иштерди өз күчү менен же подряддык уюмду тартуу менен аткарууга укуктуу.

2. Оңдоо жана реабилитациялоо иштерин жүргүзүүдө суу чарба курулмаларын жана каналдарын бөлүү тилкелеринин чектериндеги бадалдуу өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды кыюу, ошондой эле санитардык кыюу жана куураган бадалдарды кыюу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, суу ресурстары боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, суу чарбасы боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-75)
