# 73-берене. Плотиналарды каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 73-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-73

---

1. Плотинанын ээси жана/же пайдалануучусу ушул Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде аны каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүүгө милдеттүү. Каттоого өтүнмө белгиленген форма боюнча берилет жана плотинанын ээси же пайдалануучусу, плотинанын жайгашкан жери жана өлчөмү, конструкциясынын бөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жана башка керектүү маалыматтарды камтыйт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын плотиналарын каттоону жүзөгө ашырат жана маалыматтар базасын жүргүзөт, анда ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар камтылат.

3. Плотинанын ээси жана/же пайдалануучусу плотинанын конструкциялык элементтеринин ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөрдү жана аныкталган кемчиликтерди, ошондой эле аны эксплуатациялоодогу кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү көрсөтүү менен аны күтүү жана техникалык тейлөө жөнүндө толук баяндоо аркылуу, тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык отчетту берет.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-74)
