# 72-берене. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 72-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-72

---

1. Министрлер Кабинети көз карандысыз техникалык орган катары плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия түзөт.

2. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия плотиналарга жүргүзүлгөн инспекциялоонун натыйжасы боюнча Министрлер Кабинетине сунуштарды берет. Министрлер Кабинети мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатында плотина ээлерине жана/же пайдалануучуларына аткаруу үчүн милдеттүү болгон оңдоо же курулуш иштерин жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берет.

3. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия плотиналарды инспекциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте аларды Министрлер Кабинетине берет.

4. Плотиналардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия коопсуздук жөнүндө отчет даярдайт жана аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштамаларды берет:

1) республикалык маанидеги плотиналар үчүн - 5 жылда кеминде бир жолу;

2) бассейндик маанидеги плотиналар үчүн - 10 жылда кеминде бир жолу;

3) райондук маанидеги плотиналар үчүн - 15 жылда кеминде бир жолу.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-73)
