# 66-берене. Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жүрүү жөнүндө маалыматтын жана эскертүүнүн бирдиктүү тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 66-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-66

---

1. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети жергиликтүү, бассейндик жана улуттук маанидеги суу ташкындарынын, кургакчылыктын, сел жана жер көчкүнүн мүмкүн болуучу жакынкы жана орто мөөнөттүү коркунучтары жөнүндө мамлекеттик органдарга жана коомчулукка эскертүү үчүн суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү тутумун түзөт.

2. Суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкү жүрүү жөнүндө маалымдоонун бирдиктүү тутуму акыркы жылдар боюнча төмөнкүлөр жөнүндө маалыматты жана учурдагы божомолдоону камтыйт:

1) суу ташкыны, сел жана жер көчкүлөр;

2) кургакчылык;

3) табигый суу объектилеринин, анын ичинде бийик тоолуу көлдөрдүн абалы жана туруктуулугу;

4) негизги суу чарба курулмаларынын, анын ичинде суу сактагычтардагы плотиналардын жана дарыялардагы коргоочу дамбалардын абалы жана туруктуулугу;

5) калк үчүн суу ташкындарынын, кургакчылыктын, сел жана жер көчкүлөрдүн коркунучу.

3. Суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети суу ташкыны, кургакчылык, сел жана жер көчкүлөр жөнүндө улуттук маалымат тутумунда камтылуучу маалыматтарды таратуу жөнүндө жобону бекитет.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-67)
