# 64-берене. Суу коргоо зоналары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 64-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-64

---

1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация суу ресурстарынын булганышына алып келүүсү, же суу объектилерине же суу-чарба курулмаларына зыян келтирүүсү мүмкүн болгондугуна байланыштуу иштин белгилүү бир түрлөрү чектелген же тыюу салынган суу коргоочу зоналарды жана тилкелерди суу объектилеринде жана гидротехникалык курулмаларда орнотот. Иштин мындай түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) мал чарба фермаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо;

2) пестициддерди, органикалык жана химиялык жер семирткичтерди пайдалануу жана колдонуу;

3) өнөр жай ишканаларын эксплуатациялоо;

4) калдыктарды сактоо, кайра иштетүү жана таштоо;

5) курулуштарды куруу.

2. Суу коргоо зонасында жеке жана юридикалык жактардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо режимдерин сактоосуна жана башка чарбалык ишине мамлекеттик контролду суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.

3. Суу коргоо зоналарына (тилкелерине) бөлүнүп берилген суу фондунун жана ирригациялык фонддун жерлерин атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз башка максаттар жана муктаждыктар үчүн берүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-65)
