# 63-берене. Жер астындагы сууларды коргоо зоналары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 63-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-63

---

1. Жер алдындагы суулардын булганышы үчүн аялуу аймак жер астындагы сууларды коргоо зонасы болуп саналат. Жер алдындагы сууларды коргоо зонасы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Жер астындагы сууларды коргоо зоналарында чарбалык жана башка ишти жүргүзүүгө чектөө жана тыюу салуу, анын ичинде төмөнкүлөргө карата тыюу салуу жана чектөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет:

1) агын суулар менен жер сугарууга;

2) жер астындагы суулардан суу алууга;

3) эриткичтерди же химикаттарды пайдаланган же сактаган өнөр жай же коммерциялык ишканаларды эксплуатациялоого;

4) калдыктардын таштандысын жайгаштырууга;

5) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана гидрогеология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу иштин башка түрлөрүнө.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-64)
