# 61-берене. Санитардык коргоо зоналары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 61-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-61

---

1. Санитардык коргоо зоналары, ичүүчү жана чарбалык-тиричилик суу менен камсыздоо үчүн, ошондой эле дарылоо максаттарында жер үстүндөгү жана жер астындагы суу объектилеринен суу топтоо үчүн пайдаланылган суу объектилерин жана суу чарба курулмаларын курчай орнотулат. Санитардык коргоо зоналары суу объектисинин өзүн камтуу менен, тиешелүү суу чарба курулмасынын тегерегиндеги аймакты ээлейт.

2. Чарбалык-ичүүчү багыттагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу түтүктөрүн санитардык коргоо зоналарынын өлчөмдөрүн, жайгашкан жерип жапа режимин аныктоо тартиби жөнүндө жобо калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Чарбалык-ичүүчү багыттагы суу менен камсыздоо булактарын жана суу түтүктөрүн санитардык коргоо зоналарынын жайгашкан жери, өлчөмү жана режими Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-62)
