# 6-берене. Суу ресурстарын башкаруу принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 6-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-6

---

Суу ресурстарын башкаруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) катышуу принциби: бардык кызыкдар жактар пландоо жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга тийиш;

2) сууга керектөөлөрдү эсепке алуу принциби: суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча чечимдерди кабыл алууда учурдагы жана келечектеги муундардын керектөөлөрү эске алынууга тийиш;

3) суу ресурстарына глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин эске алуу принциби;

4) суу ресурстарынын экономикалык баалуулук принциби: суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча ишти пландоодо, чечимдерди кабыл алууда жана ишти жүзөгө ашырууда суу ресурстарынын экономикалык баалуулугу эске алынууга тийиш;

5) булгагандыгы үчүн акы төлөө принциби: суу ресурстарын булгаган жактар сууну булгагандыгы үчүн жаратылышты пайдалангандыгы сыяктуу акы төлөөгө тийиш;

6) жеткиликтүүлүк принциби: суу объектилеринин жана суу ресурстарынын абалы жана аны пайдалануу жөнүндө маалымат коомчулуктун өкүлдөрүнө жеткиликтүү болууга тийиш;

7) суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалануу үчүн акы төлөө принциби;

8) суу объектилерин колдонуунун алдында аларды коргоо артыкчылыгы;

9) суу объектилерин колдонуу өзгөчөлүктөрү, б.а. алардын физикалык-географиялык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша суу мамилелерин жөнгө салуу;

10) суу объектилерин пайдалануунун башка максаттарынын алдында аларды ичүү жана чарбалык-тирчилик суу менен камсыздоо максаттарына пайдалануунун артыкчылыгы;

11) бассейндин чегинде суу мамилелерин жөнгө салуу (бассейндик ыкма).

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-7)
