# 55-берене. Суу ресурстарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 55-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-55

---

1. Эгерде булгоочу заттар же таштандылар суу объектисине, суу чарба курулмасына же суу фондунун жерлерине ташталса, же таштала турган болсо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу ресурстарын коргоо боюнча иштерди жүргүзүүгө милдеттүү болгон булгоочуга же потенциалдуу булгоочуга жазуу жүзүндө кабарлоо жиберүүгө тийиш.

2. Суу ресурстарын коргоо боюнча иштер өз алдынча жүргүзүлгөн учурда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ага байланышкан чыгымдардын ордун булгоочунун же потенциалдуу булгоочунун эсебинен толтуруп алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-56)
