# 52-берене. Булгоочу заттарды таштоого уруксаттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 52-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-52

---

1. Булгоочу заттарды таштоого уруксаттар айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

2. Булгоочу заттарды таштоого уруксат төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) белгилүү убакыт аралыгында таштоого боло турган булгоочу заттардын тизмегин жана көлөмүн;

2) саркынды суулар менен булгоочу заттарды таштоонун жайгашкан жеринин сыпаттамасын;

3) эгерде суу объектисине таштоо жүргүзүлсө, суу объектисинин суу пайдалануу категориясын;

4) саркынды сууларды агызуунун пландалган көлөмүн;

5) анын негизинде булгоочу заттарды таштоого уруксат берилген документтин аталышын.

3. Булгоочу заттарды таштоого уруксатта уруксат ээси үчүн булгоочулардын концентрациясын төмөндөтүү түрүндө чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

4. Булгоочу заттарды таштоого уруксат 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет. Булгоочу заттарды таштоого уруксат айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз башка жакка өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.

5. Булгоочу заттарды таштоого уруксат ушул Кодекс жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик жана укуктук актылары менен жөнгө салынат.

6. Булгоочу заттарды таштоого уруксатка өтүнмө айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте берилет.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-53)
