# 51-берене. Тыюу салынган заттар жана булгоочу заттарды таштоо стандарттары жөнүндө жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 51-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-51

---

1. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети суу объектилерине, суу чарба курулмаларына же суу фондунун жерлерине таштоого тыюу салынуучу, айлана-чөйрө үчүн коркунуч келтирүүчү кооптуу заттардын тизмесин бекитет.

2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү аныктоочу жобону бекитет:

1) суу объектилерине булгоочу заттарды таштоонун максималдуу көлөмүн;

2) айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды ташталганга чейин аларды тазалоо үчүн процесстерди жана стандарттарды.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-52)
