# 5-берене. Суу ресурстарын башкаруу жана бассейндик ыкма

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 5-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-5

---

1. Суу ресурстарын башкаруу - ушул Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык суу ресурстарын жана айлана-чөйрөнү өнүктүрүүнү, сарамжалдуу пайдаланууну, коргоону, адамдардын ден соолугун коргоону, ошондой эле калктуу конуштарды, өнөр жай аймактарын жана менчиктин бардык түрлөрүн суунун коркунучтуу таасиринен коргоону камсыз кылуучу чаралардын, ченемдердин жана эрежелердин комплекстүү тутуму. Бассейндик ыкма суу ресурстарын пайдаланууну жана коргоону башкаруу гидрографиялык принцип боюнча Ысык-Көлгө жана Кыргыз Республикасынын башкы дарыяларына тиешелүү башкы бассейндин аймагынын чектеринде жүзөгө ашырылат дегенди билдирет.

2. Министрлер Кабинети Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин сунуштарынын негизинде суу ресурстары чөйрөсүндөгү ар бир мамлекеттик бассейндик органдын жана бассейндик кеңештин иш-аракетинин зонасын белгилейт. Кабыл алынган чечим расмий жарыяланууга тийиш.

3. Ар бир башкы бассейнде суу ресурстарын башкаруунун тийиштүү бассейндик органы жана бассейндик кеңеши ушул Кодекстин жоболоруна ылайык суу ресурстарын башкарууну камсыз кылат.

4. Мамлекеттик администрациянын жергиликтүү органдарынын жана министрликтер менен административдик ведомстволордун аймактык органдарынын чечимдери ушул беренеге жана суу ресурстарын башкаруу боюнча бассейндик ыкмага ылайык кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-6)
