# 49-берене. Сууларды классификациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 49-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-49

---

1. Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган сунушу боюнча, Министрлер Кабинети бекитүүчү ар бир суу объектиси боюнча аларды пайдалануунун сапатына жана багытына ылайык Кыргыз Республикасынын сууларын классификациялоону иштеп чыгууну уюштурат. Сууну пайдалануу багыттары аны ичүүчү, айыл чарба жана рекреациялык максаттар үчүн пайдаланууну камтышы мүмкүн, бирок аны чектебейт.

2. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу суунун иштелип чыккан классификациясы бар ар бир суу объектиси боюнча суунун сапатына стандарттарды белгилөөгө тийиш.

3. Ичүүчү жана коммуналдык-тиричиликтик суу пайдаланууда суунун сапатынын стандарттары калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-50)
