# 47-берене. Суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 47-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-47

---

1. Суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым ар бир башкы бассейн үчүн суу ресурстарын изилдөө, баалоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү чыгымдарынын негизинде Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Ушул беренеге ылайык алынган каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоо үчүн пайдаланылат:

1) суу ресурстарын башкарууга тартылган мамлекеттик органдардын административдик сарптоолорун;

2) Улуттук суу стратегиясына ылайык суу ресурстарын натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуучу суу секторун өнүктүрүү боюнча долбоорлорго финансылык сарптоолорду;

3) мамлекеттик суу чарба программалары менен аныкталган долбоорлорду;

4) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка максаттарды.

3. Суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоо жана алуу тартиби ушул Кодекстин талаптарын эске алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-48)
