# 45-берене. Суу топтоочу скважиналарды мамлекеттик эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 45-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-45

---

1. Суу топтоочу скважинасы бар же бургулаган адам бургулоо аяктаган учурдан тартып 30 күндүн ичинде скважинанын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу алуучу скважиналарды каттоону жана эсепке алууну жүргүзөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгү сакталбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик келип чыгат. Жер астындагы сууларды пайдалануучулар, эгерде бул скважинанын дебитине мүмкүндүк берсе жана скважина менчик укугунда болгон учурда скважинанын ээсинин макулдугу болсо, биргелешип алууга укуктуу.

3. Жер астындагы булактардан суу алууну жүргүзгөн жеке же юридикалык жак суу алууну эсепке алуу приборун жеке каражаттарынын эсебинен орнотууну камсыз кылууга милдеттүү.

4. Жер астындагы сууларды алуу үчүн скважиналар жок кылынууга тийиш эмес, бирок суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоор боюнча консервацияланат жана анын балансына өткөрүп берилет.

5. Жер астындагы суулардын байкоочу скважиналарын жоготуу же бузуп алуу менен байланышкан чыгымдардын орду жер пайдалануучулар тарабынан ушундай скважинаны куруу наркына барабар өлчөмдө толтурулууга тийиш. Чыгымдарды эсептөө жана өндүрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-46)
