# 43-берене. Суу берүүгө келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөм

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 43-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-43

---

1. Суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу берүүчү тарабынан суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү берүү тартибин аныктайт.

2. Мамлекеттин менчигинде турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдаланган суу берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акынын өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Суу берүүгө келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган каражаттар суу берүүчүнүн ирригациялык жана дренаждык тутумдарды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча ар жылдык чыгымдарын жабууга сарпталат.

4. Берилүүчү суунун көлөмүн эсепке алуу суу берүүгө келишимдин шарттарына ылайык суу пайдалануучу жана суу берүүчү менен биргеликте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-44)
