# 42-берене. Суу берүүгө келишимдин укуктук негизи

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 42-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-42

---

1. Суу берүүгө келишимде аны бузгандыгы үчүн суу берүүчү суу пайдалануучуну суу менен камсыздоону токтото турган шарттар каралат. Эгерде суу пайдалануучу сууну берүү боюнча көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөмдү 3 айдан ашык убакыт төлөбөсө, берүүчү суу берүүнү токтото алат.

2. Суу берүүчү сууну суу берүү жөнүндө келишимде белгиленген көлөмдө, суу берүү графигине ылайык бербесе, төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, суу пайдалануучуга компенсация төлөөгө милдеттүү:

1) форс-мажордук жагдайларды;

2) суу пайдалануучу тарабынан суу берүүгө келишимдин шарттарын аткарбаган учурларды.

3. Суу берүүгө келишимде белгиленген суунун көлөмүн кем бергендиги үчүн суу пайдалануучуга компенсация төлөөнү эсептөө тартиби жөнүндө жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Суу берүүгө келишим тараптардын өз ара макулдашуусу же соттун чечими боюнча бузулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-43)
