# 4-берене. Суу ресурстарына жана суу фондунун жерлерине менчик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 4-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары мамлекеттин өзгөчө жана ажырагыс менчиги болуп саналат. Ар бир адам ушул Кодекстин жоболоруна ылайык мамлекеттик чек аранын чегинде суу ресурстарын пайдаланууга укуктуу.

2. Жасалма суу объектилери ээлеген жерлердин башка категорияларынын жер участокторун кошпогондо, суу объектилери же мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ээлеген суу жана ирригациялык фонддордун жерлери мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-5)
