# 39-берене. Суу берүүгө келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Суу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 27-июнундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Суу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 27.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-46/edition/34157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029009/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, 39-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-39

---

1. Суу берүүчү тарабынан суу менен түздөн-түз камсыздалуучу суу пайдалануучулар ушул главанын жоболоруна ылайык келишим түзүү үчүн ага кайрыла алат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык шаарларда жана башка калктуу конуштарда суунун берилиши үчүн жооптуу өнөр жай ишканаларынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өтүнмө алынганда, суу берүүчү алар менен суу берүүгө келишим түзүүгө тийиш.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө көрсөтүлбөгөн сууну пайдалануучудан ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык өтүнмө алганда, суу берүүчү аны менен суу берүүгө келишим түзө алат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029009/st-40)
